• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Мекендештерге мүлктү камсыздандыруу маданиятын сиңирүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын ишмердиги жөнүндө кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«МКУ» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Жумагүл Эгамбердиева учурда дээрлик 86 миң үй камсыздандырылганын маалымдады.

«Турак жайларды жаратылыш кырсыктарынан жана өрттөн камсыздандырууда калктын 80%ында камсыздандырууга зарыл болгон документтердин жоктугу негизги көйгөй болуп саналат. Буга байланыштуу үйлөрдү эксплуатацияга жеңилдетилген берүү жана калкка техникалык паспортторду төмөндөтүлгөн баада же акысыз негизде берүү кампаниясын жүргүзүү зарыл», - деди ал.

Жумагүл Эгамбердиева «МКУ» ААК эки жылдын ичинде калкка жалпы суммасы 17 млн 653,8 миң сом камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзгөнүн кошумчалады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камсыздандыруунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү максатындагы иштерди активдештирүүнү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин баалоо критерийлеринин бири катары камсыздандырылган үйлөрдүн санын белгилөөнү тапшырды.

«Мекендештерге мүлктү камсыздандыруу маданиятын сиңирүү зарыл. Бул чара жаратылыш кырсыктарынан, өрттөн жабыркагандарга натыйжалуу жардам көрсөтүүнү шарттайт жана мамлекеттик бюджетке келтирилген күчтү жеңилдетет», - деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Премьер-министр турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандырууда аймактардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук администрациялардын башчылары, айыл өкмөттөрү жана өлкөнүн тиешелүү министрликтери жана ведомстволору менен биргеликте иш-чараларды күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө турак жайларды өзгөчө кырдаалдардан милдеттүү түрдө камсыздандыруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий