• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Мен кооз сөздөргө караганда иштин натыйжасын жогору баалайм

Өкмөт 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушту, анда ишкерлик чөйрөсүндөгү өтө зарыл жана актуалдуу маселелер талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылдан баштап ишкерлерди бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар менен максималдуу камсыздоо боюнча чараларды иштеп чыгуу багытында активдүү иштер жүрүүдө.

«Мамлекет бизнестен көз каранды экенин моюнга алуу керек, себеби анын натыйжалуу ишинен көптөгөн социалдык маселелердин чечилиши көз каранды болуп саналат. Алсак, ишкерлик чөйрөнүн өнүгүүсү, республиканын гүлдөп өсүүсү. Дал ушул үчүн өлкө Өкмөтү бизнес-коомчулук менен биргеликте бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн жана ишкер чөйрөнү жакшыртуунун үстүндө иштөөнү улантат. Өкмөт тарабынан Ишкерлик кодексин иштеп чыгуу иштери башталды. Өткөн жылдан тартып салык процедураларын фискалдаштыруу иштери жүрүүдө. Биз товарларды каттоо канчалык маанилүү экенин жана ал коррупциянын деңгээлине канчалык таасир берерин жакшы билебиз. Бүгүн түрдүү баалоолор боюнча 24% кем эмес бизнес «көмүскөдө» турат. Биз легалдуу бизнес саясатын жүргүзүп жатпайбызбы. Мен жолугушууга силердин күнүмдүк көйгөйлөрүңөр тууралуу угуу үчүн, диалог түзүү максатында келдим. Мен кооз сүйлөгөндү жактырбайм, жөн гана иштеш керек», - деди Премьер-министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, учурда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө атамекендик товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү маселеси иштелип чыгууда.

«Бүгүнкү күнү мамлекеттик сатып алуулардын басымдуу бөлүгү - бул биздин өлкөгө импорттолгон товарлар. Азыркы тапта биз эгерде окшошу болсо атамекендик өндүрүштөгү товарларды сатып алууга басым жасоого тийишпиз. Мындан тышкары эскерте кетсем, Өкмөт тарабынан ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылдык мөөнөттө мораторий киргизилди. Бул кадам мамлекеттик органдарды бизнес менен өз ара аракеттешүүнүн кыйла заманбап ыкмаларына өтүүгө өбөлгөлөйт. Мен экологиялык товарларды өндүрүүгө жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө мындан ары басым коюшубуз керек деп эсептейм. Ошону менен бирге мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна көңүл бургум келет, биз биргеликте жарандарыбыздын жашоосун жакшыртуу үчүн зор натыйжаларга жетише алабыз», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, салык процедураларын фискалдаштыруу тутумун киргизүү ак ниет жана ачык иштеген ишкерлердин кызыкчылыктарына толугу менен жооп берет. Ал бизнес-коомчулукту электрондук өз ара аракеттешүү тутумун киргизүү процесстерине активдүү кошулууга чакырды.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, анда бизнес-ассоциация мүчөлөрү бизнес жүргүзүүдөгү көйгөйлөр тууралуу айтып беришти жана өздөрүн кызыктырган суроолорду бере алышты. Анын ичинде аларды курулуш ченемдерине, салыктык чегерүүлөргө, кен иштетүү, мүмкүн болгон мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна, айыл чарбасына жана башка маселелерге байланыштуу темалар кызыктырды.

Пикир

Оставить комментарий