• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев менен Арипов Оштогу Навои атындагы орто мектепке барышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстан Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынына катышуунун алкагында Ош шаарындагы А.Навои атындагы орто мектепке барышты.

Жалпы билим берүү мекемесинин курулушуна жана окууга тийиштүү жабдуулар менен камсыздоого каражаттар өзбек тараптан бөлүнүп берилген, мектеп 2018-жылдын сентябрь айында ачылган.

Өкмөт башчылар окуу корпустарын, ашкананы, жыйындар залын жана спорт аянтчасын көрүп чыгышты.

Андан соң Премьер-министрлер «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык комплексине барышты.

Пикир

Оставить комментарий