• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев менен Азиз Суракматов Бишкекти өнүктүрүү келечектерин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушууда шаардык муниципалитет башчысы Бишкек шаарын өнүктүрүү динамикасы, калааны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана инфратүзүмдү жана шаар чөйрөсүнүн ыңгайлуулугун жогорулатуу иштери тууралуу айтып берди.

Анын ичинде Азиз Суракматов Премьер-министр тарабынан буга чейин айтылган шаарды жашылдандыруу, мыйзамсыз курулушка жол бербөө жана Бишкек шаарын өнүктүрүү келечектүү планынын ачыктыгын камсыздоо маселелери боюнча көрүлгөн чараларга токтолду.

Шаар мэри өлкө Өкмөтү тарабынан электромобилдерге бажы алымдарынын нөлдүк коюму киргизилгенин эске алуу менен коомдук транспорт тутумун өнүктүрүү боюнча мындан аркы пландар тууралуу маалымдады.

Ошондой эле шаарды газдаштыруу жана шаардын конуштарында газ бөлүштүрүү түйүндөрүн куруу боюнча иштердин жүрүшү талкууланды. Бул Бишкек шаарынын энергетикалык потенциалын бекемдөөнү шарттайт.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү көрсөткөндөй, борбор инфратүзүмдү, анын ичинде жол түйүндөрүн өнүктүрүү, борбордук унаа жолдорун жаңы түйүндөрүнүн курулушу жана жүктөмдү азайтуу боюнча чечкиндүү кадамдарга муктаж экендигин көрсөттү.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө катуу турмуш-тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун комплекстүү жакшыртуу боюнча жыйноо, ташуу жана таштандыларды жок кылуу сыяктуу көрүлгөн чаралар талкууланды.

Ошол эле учурда баса белгиленгендей, шаардык таштанды таштоочу жайдын аймагындагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана жаңы таштанды полигонун куруу, аны сапаттуу рекультивациялоону камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат. Ташуу, орнотуу жана техникалык тейлөө баскычтарында, ошондой эле учурдагы шаардык таштанды таштоочу жайды жабуу жана акырындап пайдалануудан чыгаруу учурунда айлана чөйрөнү коргоо чаралары көрүлүшү керек.

Мындан тышкары Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов социалдык объекттерди, жөө жүргүнчүлөр бульварларын, сейил бактарды куруу жана оңдоо, суу менен камсыздоо жана канализация тутумун реабилитациялоо, ошондой эле борбор шаарда өтүүчү ири эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү боюнча көрүлгөн иш-аракеттерди талкуулашты.

«Өкмөт шаардык муниципалитеттин борбор калаанын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча аракеттерин колдойт. Ошону менен бирге Бишкек шаары унаалардын жана соода түйүндөрүнүн эмес, жашоочулар жана меймандары үчүн ыңгайлуу шаар болушу керектигин эстен чыгарбоо керек. Биз Бишкек жайлуу, жашыл жана заманбап шаар болушуна жетишүүгө тийишпиз», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий