• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев менен Британиянын элчиси бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу чараларын талкуулашты

Саясат 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуу Британия Бириккен Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын элчиси Робин Орд-Смит менен анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Абылгазиев элчиге Кыргызстандагы ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирди жана эки жактуу кызматташууларды өнүктүрүүдөгү анын жеке ролун белгилеп өттү.

Белгиленгендей, кыргыз-британ алакаларын мындан ары карай бардык деңгээлдерде активдештирүү жана эки жактуу өз ара кызматташуунун ар кыл тармактарында конкреттүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маанилүү болуп саналат.

Абылгазиев жана Британиянын элчиси бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу жана инвестициялык чөйрөнүн ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча шарттарды жакшыртуу чараларын талкуулашты, бул эки тараптуу мамилелердин потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий