• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев менен Эрдоган эки өлкө ортосундагы актуалдуу маселелерди талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 2-сентябрда, өлкөгө эки күндүк расмий сапары менен келген Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Түркиянын Президентин кыргыз жеринде чын жүрөктөн тосуп алды.

«Биринчи кезекте мен Сизди өзүмдүн атымдан президенттик шайлоодогу жеңишиңиз менен куттуктагым келет жана сизге Түркияны мындан аркы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди жана түрк элине бакубатчылык каалайм», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Түркиянын дүйнөлүк аренадагы салмактуу ролун белгилеп, анын демилгелерине колдоо билдирди.

«Өкмөттүн атынан кыргыз-түрк кызматташуусун эки жактуу жана көп тараптуу түрдө мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыкка ишендирип кетким келет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Түркиянын Президентине Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоосуна жана жигердүү катышуусуна ыраазычылык билдирип, кийинки оюндарды өткөрүү демилгесин боордош Түркияга өткөрүп берүү кубанычын белгиледи.

Өз кезегинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга сапары менен келгенине кубануусун ырастады.

«Түркия дайыма Кыргызстан менен бирге болгон жана аны көз карандысыздык алган мезгилден бери колдоп келген», - деди Режеп Тайип Эрдоган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы актуалдуу маселелер, ошондой эле кеңири тармактар боюнча мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий