• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев менен Фанчунь «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн курулуш долбоорун талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «SINO-Pipeline International Company Limited» башкы директору Мэн Фанчунь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Борбор Азия-Кытай» магистралдык газ түтүгүнүн составдык бөлүгү катары саналган «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн курулуш долбооруна тийиштүү маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 км түзөт, долбоордук өткөрүүчү кубаттуулугу жылына 30 млрд. куб метр газды түзөт. Кыргызстандын аймагы боюнча газ түтүгүнүн маршруту Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт.

Мэн Фанчунь Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге долбоордун ишке ашырылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, айыл чарба жана токой чарба өндүрүш жерлерин пайдалануудан жана андан келип түшкөн пайданы жабуу үчүн компенсацияларды төлөп берүү менен газ түтүгү кеткен трассанын боюндагы жер тилкелерин бөлүү жана трансформациялоо процесстеринин жыйынтыкталып жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Өкмөт башчы Кыргызстан жана Кытай ортосундагы ар кыл тармактагы өз-ара пайдалуу кызматташтыктын динамикалык өнүгүүсүн жана бардык деңгээлдеги кыргыз-кытай саясий диалогунун жогорку деңгээлин канагаттануу менен белгиледи. Премьер-министр биргелешкен маанилүү жана өз-ара пайдалуу жогорудагыдай долбоорлорду келечекте биргелешип ишке ашыруу жолу аркылуу инвестициялык өз-ара аракеттешүүнүн тереңдетилишинин жана эки өлкөнүн бизнес-чөйрөлөрү ортосундагы кызматташтыктын кеңейтилишинин өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн курулуш долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ жана биргелешкен күч-аракетте анын ишке ашырылышы өз мөөнөтүндө жана бардык экологиялык жана техникалык ченемдердин жана эл аралык стандарттардын так сакталышы менен сапаттуу камсыздалаарына ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий