• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абылгазиев менен Кореянын премьер-министри «Ала-Арча» капчыгайында болушту

Өкмөт 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен республикага расмий сапары менен келген Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён «Ала-Арча» капчыгайына барып келишти.

Өкмөт башчылары «Дилгир» фольклордук тобунун чеберчилигине, салбуурун жана улуттук жаа менен атуу өнөрлөрүнө күбө болушуп, кыргыз элинин улуттук суусундуктарынан ооз тийишти.

Ошондой эле премьер-министрлер «Ала-Арча» паркынын аймагында сейилдешип, Кыргызстандын бийик чокуларына чыгуу үчүн Кореядан келген альпинисттердин тобу менен пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий