• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев менен Ли Нак Ён "Менин айылым" долбоорунун бет ачарына катышты

Саясат 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Бишкекте Кореянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин "Менин айылым" долбоорунун бет ачары болду.

Иш-чарага КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Корей Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ен, корей делегациясы, ишкерлер жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү катышышты.

КРнын өкмөт башчысы Корея айыл чарба, аймактарды өнүктүрүү, санариптешүү жана жашыл экономика жааттарында өнүгүү моделин ийгиликтүү иштеп чыккандыгын айтты. “Бүгүнкү күндө Корей Республикасы экономикасы боюнча дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн тизмесине кирет жана бул жерде “Менин айылым” долбоорунун салымы чоң. Бул долбоор Түштүк Корея өлкөсүнүн өнүгүүсүндө чоң колдоо боло алды. Бүгүн биз бул долбоордун Кыргызстанда старт алышына катышып отурабыз. Бул долбоор биздин айылдарды өнүктүрүүдө чоң түрткү болооруна ишенебиз”, - деди Абылгазиев.

Ал эми Корей Республикасынын премьер-министри өзү айылда өскөндүгүн жана анын балачагы абдан оор болгондугун айтты. Анын айтуусунда үй-бүлөсү башынан оор күндөрдү өткөргөн. Бүгүн Түштүк Кореянын экономикасы күчтүү жана бул жерде айылдардын ролу чоң. Ли Нак Ён бул долбоор Кыргызстандын да айылдарын күчтөндүрүп, айыл чарба өнүккөн чөйрөлөрдүн бирине айланаарына ишенээрин белгиледи.

Белгилүү болгондой, “Менин айылым” долбоору 3 жыл уланат. Бул долбоор Чүй, Баткен жана Ош облустарынын аймактарын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий