• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев менен Медведев эки жактуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-июнда, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Эки жактуу жолугушуу Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү россия тарап менен мамилелерин мындан ары да өз ара түшүнүү жана толук ишеним принциптеринде кура турганын баса белгиледи.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу деңгээлинин оң өнүгүү динамикасын кубануу менен белгилөөгө болот. Биздин маалыматтар боюнча, 2017-жылы товар жүгүртүү 2016-жылга салыштырмалуу 9,2%га өсүп, 1442,8 млн АКШ долларын түзгөн. Ошол эле учурда биздин алдыбызда оң динамиканы сактап калуу гана эмес, отчеттук мезгилде эки жактуу сооданын темпинин 2,2%га төмөндөшүнө, кыргыз экспортунун темпи 45,1%га өсүүсүнө карабастан, 2012-жылы 2 млрд АКШ долларына чейин жеткен тышкы сооданын кризиске чейинки көрсөткүчтөрүнө жетишүү чараларын кабыл алуу милдети турат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы 15-июнда Челябинск шаарында «Кыргызстан жана Россиянын экономикалык интеграциясындагы санариптик трансформациянын ролу» темасындагы Жетинчи кыргыз-россия аймактар аралык конференциясын өткөрүү күтүлүп жатканын, ал эми июлдун башында Ош шаарында 10-чу кыргыз-санкт-петербург Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөрүн белгиледи.

«Бул иш-чара өз ара соода көрсөткүчтөрүнө жана кыргыз экономикасына россиялык инвестициялардын түшүү көлөмүнө таасир берерине ишенем», - деп басым жасады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйынтыгында Мухаммедкалый Абылгазиев россиялык тараптын Санариптик өнүгүү маселелери боюнча министрликти түзүү чечими келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба алмашууну шарттай турганын канааттануу менен ырастады.

Өз кезегинде Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев эки тараптуу россия-кыргыз мамилелери динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал Россия Кыргызстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын баса көрсөттү.

«Экономикалык кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири энергетика болуп саналат. Биз өз тарабыбыздан эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн алдына коюлган милдеттердин жүзөгө ашырылышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», - деди Дмитрий Медведев.

Соңунда, Россия Өкмөтүнүн Төрагасы учурдан пайдаланып Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди футбол боюнча Дүйнө чемпионаты-2018 ачылыш салтанатына катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий