• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев менен Мирзиёев өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Ташкент шаарында, Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барган КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын абалы жана келечеги талкууланган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн диалогдун негизинде эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мазмундуу болуп, сапаттуу жаңы деңгээлге чыкканын белгилеген.

Өзбекстандын мамлекет башчысы чек ара маселелерин чечүүдө жакшы жылыштар бар экенин, өзгөчө чек арага чектеш жайгашкан райондордун тургундары биргелешкен иштин жыйынтыктарын жүрөгү жана жан дүйнөсү менен сезип жаткандыктарын айткан.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго салам жолдоп, жакшы каалоо-тилектерин айткан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасы менен боордоштук жана коңшулаштык мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин билдирген.

Өкмөт башчы белгилегендей, учурда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык алакаларда жакшы динамикалуу өсүш байкалууда. Аны тараптар келечекте да улантуусу зарыл.

«Биздин өлкөлөрдүн чек ара аймактары кызматташуунун абдан жакшы үлгүсүн көрсөтүп жатышат. Жакын арада эле Ош – Анжиян, Ош – Фергана, Кызыл-Кыя – Фергана автобустук каттамдары жандандырылды. Муну менен бирге мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ишин канааттануу менен белгилеп кетким келет. Мамлекеттик чек ара сызыктарын чийүүнү аяктоону тездетүү үчүн бул ишти ыкчамдатууну сунуш кылам», – деди ал.

Белгилей кетсек, 2016-жылдан баштап Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү үч эсе көбөйгөн.

Пикир

Оставить комментарий