• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев менен Монголиянын президенти «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты

Өкмөт 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана өлкөгө расмий сапары менен келген Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Монголиянын президенти премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялар учурунда курман болгондорду эскерип гүлчамбар койду.

Пикир

Оставить комментарий