• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев Сагинтаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле кеңири чөйрөдөгү маселелер, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы өз-ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн келечеги талкууланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды өз учурунда четтетүүгө байланыштуу келип чыккан маселелерди биргеликте натыйжалуу чечүү үчүн мындан ары карай эки тараптуу тыгыз аракеттешүүнү жөнгө салуу зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий