• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев менен Томас Йордан кыргыз-швейцария кызматташуусун өнүктүрүү келечегин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-майда, Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушту. Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн ортосундагы эки жактуу өз ара алакаларды мындан аркы өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

«25 жыл бою Кыргызстан швейцария тараптан ар түрдүү багыттарда, анын ичинде финансылык мүнөздөгү колдоолорун сезип келет. Биз сиздердин жардамыңыздар менен республикада ишке ашырылып жаткан ийгиликтүү долбоорлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен тыгыз өз ара аракеттешүү тууралуу билебиз. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда көп жалпылык бар жана биз мамилелерибизди достук жана ишенимдин негизинде курууну улантабыз», - деп ишендирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өлкөнүн Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо Жарлыгынын алкагында жер-жерлерде социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга басым жасоону максат койгонуна өзгөчө көңүл бурду.

«Өлкөдө калктын 70% айыл жергесинде жашашат. Бүгүнкү күндө биздин башкы милдеттерибиздин бири аймактарда жашаган адамдардын ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү болуп саналат. Биздин аракеттерибиз республиканын аймактарында жумуш орундарын түзүүгө жана миграцияны азайтууга, айыл чарбасын, өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошону менен бирге Премьер-министр Өкмөт келечектүү катары басым жасаган маанилүү багыттардын бири туристтик тармакты өнүктүрүү экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан өлкөнүн Өкмөтү тарабынан коюлган милдеттердин актуалдуулугун белгиледи. Ал Өкмөттүн стратегиясы кыйла ишенимдүү жана так позицияга ээ экенин белгиледи.

«Мен сапарым кыргыз сомунун 25 жылдыгын белгилөөгө туш келгенине кубанычтамын. Улуттук банк менен кызматташуунун 25 жылында бир катар ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырылды. Буга байланыштуу, мен Банктын квалификациялуу кадрдык курамын белгилеп кетким келет. Биздин Кыргызстан менен эки жактуу мамилелерибиз токтолбой турган өнүгүүнүн жогорку динамикасы менен мүнөздөлөт. Ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтууда, биз КР УБ менен чектелбей турганыбызды айткым келет. Долбоорлорду иштеп чыгууда жана ишке ашырууда алар ийгиликтүү ишке ашырылуусу үчүн биз алардын ар бирин дыкат карап чыгабыз», - деп белгиледи Томас Йордан.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцария эки жактуу кызматташуусу дана аны өнүктүрүү келечегинин кеңири маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Томас Йорданды үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Ысык-Көл көлүнүн жээгинде өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий