• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев «Металл Торг Сервис» ишканасынын ишине старт берди жана «Бессер ЦА» заводунун жаңы өндүрүш цехин ишке киргизди

Өкмөт 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев түтүк жана профилдерди өндүрүү боюнча «Металл Торг Сервис» жаңы заводунун ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Заводдун башкы директору Абдыжапар Султанов Премьер-министрге өндүрүлгөн буюмдардын негизги түрлөрү, ишкана кубаттуулугу, ошондой эле өндүрүштү кеңейтүү боюнча пландар тууралуу маалымат берди.

Мухаммедкалый Абылгазиев өндүрүштүк процесс жана даяр продукциянын үлгүлөрү менен таанышты, андан соң өндүрүштүк линиянын кнопкасын басуу менен буюмдарды даярдоо процессин ишке киргизди.

«Өкмөт ишиндеги негизги артыкчылыктын бири катары жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүү аркылуу жаңы жумушчу орундарын түзүү болуп саналат. Мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери, шаар мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары бул үчүн тийиштүү күч-аракетин жумшоосу керек. Экспортко багытталган ишканаларды колдоо боюнча ишти ырааттуу жана туруктуу жүргүзүү зарыл», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Учурда «Металл Торг Сервис» заводунда 100 жакын адам иштейт, ал эми мында айына 11 миң тонна продукция өндүрүлөт.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бессер ЦА» заводунун тротуардык плиткаларды жана бетондук блокторду даярдоо боюнча өндүрүштүк цехин ишке киргизүү салтанатына катышып, өндүрүштүк имараттарды кыдырып жана өндүрүлгөн продукциялардын үлгүлөрүн көрүп чыкты.

Линиянын өндүрүштүк кубаттуулугу айына 1500 чарчы метр брусчатканы жана 8400 даана бордюрду чыгарууга жарактуу.

«Биздин республика жаңы ишканаларды ишке киргизүү жана өнөр жайды өнүктүрүү боюнча чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Биз республикадагы өнөр жайды өнүктүрүү үчүн атамекендик өндүрүшчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүбүз керек. Ошол эле учурда өндүрүлгөн подукция сапат талаптарына жооп берип, тышкы рынкто атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Өнөр жайы экономикалык өнүгүүнүн негизин түзүп, бардык жашоо тармагындагы өнүгүүгө шарт түзөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өкмөт жеткиликтүү кредиттик каражаттарды берүү аркылуу атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча ишин уланттаарын белгиледи.

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду аркылуу «Бессер ЦА» заводуна жабдуу жана автотехника алууга 1,5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү жеңилдетилген кредит берилген. Долбоордун жалпы наркы 2,1 млн АКШ долларын түзөт. Инвестициялык долбоор алкагында россиялык жана түркиялык жабдуу сатылып алынган, курулуш иштери жергиликтүү жалданма уюмдар аркылуу ишке ашырылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга мындан ары карай да өндүрүшчүлөргө ишти уюштурууга жана жаңы сатуу рынокторуна чыгууда колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий