• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев милиция кызматкери Султаналиевге дарыланууга материалдык жардам көрсөтүүнү буйруду

Өкмөт 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Марат Султаналиевге дарыланууга материалдык жардам көрсөтүүнү буйруду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-октябрында орун алган инспекторду унаа менен коюп кеткен кырсыкты тыкыр жана обьективдүү иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкери Марат Султаналиев жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүлөрдү алар тарапка келе жаткан унаадан коопсуздандырам деп аракеттенүүдө кызматтык милдеттерин аткарууда жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий