• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев министр Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-октябрда, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өз сөзүндө Премьер-министр белгилегендей, кыргыз эли чоң жоготууга учурап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн белдүү мүчөсүнөн ажырады.

«Өз элинин таланттуу уулу, белгилүү журналист, котормочу, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Султанбек Жумагулов дүйнөдөн кайтты. Аз убакытта бирге иштесек дагы, мен анын кыргыз элинин тагдырына, анын түпкүрүнө, маданиятына жана салтына чын дилден күйүп-бышкан адам экенин сездим. Алты ай иштештик, анын үч айы сыркоолоду. Бирок ошондо дагы анын атамекендик маданиятты өнүктүрүүгө салым кошууга умтулуусу өчкөн жок. Ал кыргыз маданиятынын алтын фондун түзүүгө умтулчу жана ушунун баарын электрондук түргө келтирүү далалаты бар эле. Тилекке каршы, ал бул максаттарына жетише албай калды. Бирок Султан Жумагулов өз чыгармаларында, макалаларында элибиз татыктуу жашоодо жашарына ишенип келген», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, Султанбек Жумагулов эл аралык журналистикада татыктуу орунду ээлеген.

«Ал кылым тогошкон мезгилде жашап жаткандыгын көп айтчу. Белгилүү болгондой, «ВВС» жана «Азаттык» радиосунда, телевидениеде жана башка чыгармачыл жамаатта иштөө үчүн өзгөчө талантка эгедер болуу жана эмгекчилдик керек. Акыркы жолугушуубузда Султан Жумагулович көптөгөн кемчиликтерге токтолуп, маданият тармагындагы жетишсиз каржылоо, бул көйгөйлөрдү кантип чечээри тууралуу айткан эле», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы белгилегендей, Султанбек Жумагулов «жашоонун ар бир күнү кымбат, учурду баала» деген учкул сөздүн автору болуп саналат.

«Ал өзү ушул принципти карманып, ар бир күнү талыкпай эмгектенип, алга умтулган. Султанбек Жумагулов атамекендик журналистикада өчпөс из калтырды. Ал маданият маселесин тереңден билген команданын мыкты мүчөсү эле. Ар бир иштеген жеринде ишине сүңгүп кирип, ишин жан-дили менен берилип аткарган. Султанбек Жумагулов Өкмөттүн жөн гана мүчөсү эмес, ириде ал мыкты адам болгон. Биз аны үй-бүлөсүн жылуу мамилеси менен курчаган мээримдүү ата, камкор бир тууган катары да билебиз. Ал биз үчүн үлгү берчү агабыз да болгон. Султан аганын жаткан жери жайлуу болсун, анын аткарбай калган иштерин уулу, бир туугандары жана биз аткаралы!», - деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий