• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Министрликтердин маалыматтык базаларын автоматташтыруу боюнча ырааттуу ишти камсыздоо зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумунун алкагындагы мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иштери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү маселеси бүгүнкү күндө актуалдуу болуп саналаарын баса белгиледи. Премьер-министр эскерткендей, 2018-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында процесстерди автоматташтырууну киргизүү боюнча тутумдуу чечимдер кабыл алынган.

Анын айтымында, буга карабастан көптөгөн министрлик жана ведомстволор бул багыттагы ишти жетишсиз түрдө жүргүзүүдө.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы катары жарыялоо тууралуу жарлыгын ишке ашыруу алкагында, биз коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана мамлекеттик тейлөөлөрдү электрондук форматка өткөрүү үчүн заманбап технологияларды коомдун күнүмдүк турмушуна киргизүү боюнча колдон келген күч-аракетти жумшообуз керек. Министрлик жана ведомстволордун бардык маалыматтык базалары мурда белгиленген мөөнөттө автоматташтырылышы тийиш», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы кеңешме катышуучуларынын көңүлүн дагы бир ирет 2018-жылдын 15-августунда ишке ашыруу мөөнөтү алдын-ала белгиленип, бекитилген Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгуу планы айрым мамлекеттик органдар тарабынан толук көлөмдө аткарылбай жаткандыгына бурду.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» Мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева өлкөнүн министрлик жана ведомстволорундагы Планды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдарды «Түндүк» тутумуна кошуу боюнча иштер беш баскычтан турат. 2018-жылдын 31-декабрына чейин 15 мамлекеттик органда 36 маалымат базасы ишке ашырылышы тийиш эле, бирок, бүгүнкү күндө 12 мамлекеттик органда 27 маалымат базасы ишке ашырылган.

Мындан тышкары кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик органдар тарабынан берилчү жана суралчу маалымдамаларды автоматташтыруу боюнча Иш-чаралар планы, ошондой эле Идентификациялоо жана аутентификациялоонун бирдиктүү тутумун жана Улуттук мониторингдөө тутумун ишке киргизүү боюнча чаралары талкууланды.

Премьер-министр министрлик жана ведомстволордун жетекчилери «Түндүк» тутуму алкагында маалыматтар базасын киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик алаарын өзгөчө белгилеп, аларды иштеп чыгууну ыкчам тартипте жыйынтыктоону тапшырды.

«Өкмөт тараптан бардык каржылоо маселелери чечилген. Сиздер ырааттуу жана так ишти камсыздап, көрсөтүлгөн мөөнөттө бардык пландаштырылган иш-чараларды жыйынтыктооңуздар керек. Алыскы аймактарда жашаган тургундар да мамлекеттик тейлөөгө жеткиликтүүлүгүн камсыздообуз зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы мамлекеттик органдар тарабынан берилчү жана суралчу маалымдамаларды автоматташтыруу боюнча Иш чаралар планы макулдашылып, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумундагы Идентификациялоо жана аутентификациялоонун бирдиктүү тутумун иштеп чыгууга киришүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий