• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Абылгазиев Минскидеги «Великий камень» Индустриалдык паркына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында «Великий камень» Кытай-Белорус Индустриалдык паркына барды.

Парк жетекчиси Александр Ярошенко билдиргендей, индустриалдык парктын аянты 112,5 чарчы метр саналат жана мында бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоо иретинде өзгөчө укуктук режим каралган. Парк кайталангыс жаратылыш комплексинде жана эл аралык аэропорттон, темир жолдордон жана Берлин-Москва трансулуттук унаа магистралынан алыс эмес жерде жайгашкан.

«Иш жүзүндө күчтүү экспорттук потенциалы бар жогорку технологиялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү инновациялык өндүрүшкө басым жасаган заманбап эл аралык эко-шаар курулууда», - деди Александр Ярошенко.

Долбоор кытай-беларус мамлекеттер аралык кызматташуунун жана өкмөттөр аралык кол коюлган тийиштүү документтердин алкагында өнүгүүдө. Индустриалдык парктын резиденттери катары капиталы келип чыккан өлкөсүнө карабастан ар кандай компаниялар болушу мүмкүн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөлүк рыноктун өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен мындай уникалдуу парктарды куруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мында мамлекет бизнес жүргүзүү үчүн тиешелүү жеңилдиктерди сунуштоо менен ыңгайлуу инвестициялык климат түзөт.

Өкмөт башчы Парктын жетекчилиги менен биргеликте соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү жана жогорку технологиялык жана инновациялык өндүрүштөрдү өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда бул сыяктуу индустриалдык жана логистикалык борборлордун курулушу боюнча пландарды эске алуу менен кызматташтык келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий