• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Абылгазиев мугалимдердин айлыгын жогорулатуу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын жана пенсия өлчөмүн жогорулатуу механизмдерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү, - деп маалымдайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бул маселелерди сапаттуу иштеп чыгуу өзгөчө маанилүү болуп саналат.

«Мугалимдер өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо жана өнүктүрүүдө кандай салым кошорун баарыбыз билебиз. Алардын ролу баа жеткис жана тийиштүү эмгек акыны талап кылат. Билим берүү тутумунун кызматкерлери татыктуу маяна алышынын маанилүүлүгүн биз түшүнөбүз жана бул багытта иштеп жатабыз. Эсиңиздерде болгондой, бул маселени өзүнүн шайлоо алдындагы программасында Президент Сооронбай Жээнбеков белгилеген жана Өкмөт так жана жөндөлгөн иштерди камсыз кылууга тийиш. Бүгүн биздин алдыбызда келе жаткан күздө мугалимдердин айлык акы өлчөмүн жогорулатуунун натыйжалуу механимздерин аныктоо милдети турат. Мамлекет бул үчүн зарыл болгон финансы ресурстарын табууга тийиш. Пенсиялардын өлчөмүн көтөрүү дагы өзгөчө маанилүү маселе болуп саналат. Бул Өкмөттүн жоопкерчилиги. Биз пенсиядагы жарандарыбыз үчүн тийиштүү жашоо деңгээлин камсыз кылышыбыз керек. Пенсия өлчөмү ушул күздө жогорулайт, бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр туруктуу негизде иштеп жатышат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бардык чегерүүлөрдүн принциптери жарандар үчүн түшүнүктүү жана акыйкат болушу үчүн алдыда өлкө боюнча айлык акы жана пенсияларды жогорулатуунун механизмдерин тыкыр иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий