• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Мугалимдик кесип – бул өзүнө талант жана эргүүнү камтыган өзгөчө искусство

Өкмөт 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Мугалимдик кесип – бул өзүнө талант, чыгармачылык жана эргүүнү камтыган өзгөчө искусство. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн саламаттыкты сактоо жана билим берүүнү өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыгы болуп саналат.

«Дени сак жана билимдүү коомдой баалуу нерсе жок. Бул мамлекеттин өнүгүүсү үчүн туура кадам. Жогорку билимдүү жана дени сак коом гана бардык кыйынчылыктарды жана оордуктарды жеңе алат. Билимге жана чыгармачыл жолго умтулуу гана адам үчүн эскиден заманбап индустриалдык коомго тарыхый секирик жасоого шарт түзөт», – деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, мугалимдин ролу жогору жана ар дайым сый-урматка ээ болуп келген.

«Бүгүн дүйнө глобалдык өзгөрүүлөрдүн алдында турганда жашоонун бардык чөйрөлөрүндө мугалимдин ролу артты. Дүйнөлүк экономиканын көйгөйлөрү, кризистер, келишпестиктер жана санкциялар, планетанын жаратылыш ресурстарын керектөө жана рационалдуу пайдалануу балансынын бузулуусу, жумушсуздук жана жакырчылык – бул карама-каршылыктардын баары бүгүн дүйнөлүк коомчулуктун мындан ары карай өнүгүүсү үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. Буга байланыштуу өзгөчө белгилей кетчү нерсе, азыркы тапта мугалим болуу – бул ардактуу гана эмес, жооптуу дагы. Анткени дал ушул мектептерде адамдын интеллектуалдык негизи калыптанат, ал инсан катары калыптанып, өз элине жана коомго пайдалуу болууну шарттайт», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бүгүн технологиялардын кылымында дүйнө ыкчамдык менен өзгөрүп жана өнүгүүдө.

«Муну менен бирге билим берүү ыкмалары жана мамилелери өзгөрүп жатат. Мугалимдерибиз дагы замандан артта калышкан жок. Эксперттер белгилешкендей, бүгүнкү күнү заманбап технологияларды киргизүүдөн улам 70% салттуу кесиптер өзүнүн маанилүүлүгүн жоготууда. Мугалимдик кесип ар дайым керек, бирок буга карабастан, силер үйдөгү түйшүгүңөрдү экинчи орунга коюп, квалификацияңарды заман талабына ылайык жогорулатып жатасыңар. Ар бир ата-эне силерге өзүнө эң кымбат болгон – баласын ишенип тапшырат. Алар кандай чоңоюшат жана келечекте ким болушат көбүнесе силерден көз каранды», – деп ырастады ал.

Премьер-министр Ысак Бекбоев, Мукаш Базаркулов, Аман Сманбаев, Бектур Исаков, Антонина Зырянова, Семила Абдрахманова, Татьяна Першина сыяктуу атамекендик билим берүү тутумун өнүктүрүүгө зор салым кошкон мугалимдерди атап өттү.

«Биздин эл бардык учурда чыгармачылыкка жана билим берүүгө өзгөчө маани берип келген. Байыркы жазуулар жана кыргыз маданияты азыркы илимпоз-тарыхчылардын терең изилдөөгө алган предмети болууда. Биздин эл дүйнөгө улуу «Манас» эпосун, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду белек кылды. Билимге умтулуу менен биз бакубат жашоого жана өнүгүүгө жешишээрибизге ишенем. Жеңил эмес эмгегиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар жана чеги жок оптимизм үчүн билим берүү тармагындагы бардык ардагерлерге, учурда эмгектенип жаткан педагогдорго ыраазычылык билдиребиз. Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайм», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий