• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев «Муз-Төр» чек ара кызматынын жана «Торугарт» бажы пунктунун иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 25.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында «Муз-Төр» чек ара кызматынын жана «Торугарт» бажы көзөмөл пунктунун иши менен таанышты.

«Торугарт» бажы өткөрмө-көзөмөл пунктуна барганда Өкмөт башчы аны модернизациялоонун алкагында сатып алынган жабдууларды көрүп чыгып, транспорттук көзөмөл, фитосанитардык коопсуздук, санитардык-карантиндик көзөмөл пунктунун жана ветеринардык көзөмөл пунктунун иши менен таанышты.

Евразия экономикалык биримдигинин тышкы чек араларын модернизациялоо жана жабдуу программасынын алкагында бул участокто идентификациялык-кароо комплекси курулуп жатат. Учурда жабдууларды монтаждоо иштери жүрүүдө. Курулушту үстүбүздөгү жылдын август айына аяктоо күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмазбек Оңолбеков маалымдагандай, бул комплексти ишке берүү бажы көзөмөлү аркылуу жүк жүктөлгөн унааларды өткөрүү ылдамдыгын эселеп тездетет.

«Бул Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына жооп берет, ага ылайык республика бажы көзөмөлү аркылуу унаа каражаттарын өткөрүү процессин тездетүүгө тийиш. КӨЖ «бирдиктүү терезе» принциби боюнча биздин кызматтын серверине маалыматтарды онлайн жөнөтүп иштейт», - деди ал.

Долбоордун инженери Юрий Разуменко белгилегендей, кароо комплекси саатына 25 машинаны тейлейт, бир унааны кароого 45 секунд кетет.

Премьер-министр участоктогу бардык курулуш-монтаждоо иштерин сапаттуу, толук көлөмдө жана мөөнөтүндө аткарууну тапшырды.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бардык өткөрмө-көзөмөл жайларын жабдуу маанилүү, бул бажы процедураларынын ачык-айкындуулугун камсыздайт, анын ишинин сапатын жана натыйжалуулугун өстүрөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле «Муз-Төр» чек ара кызматынын административдик имаратынын абалы, аскерлердин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Премьер-министр «Муз-Төр» чек ара кызматынын социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий