• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Мыйзам боюнча чегерүүлөр кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, казынага түшүүсү керек

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.19./Кабар/. Мыйзам боюнча чегерүүлөр кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, казынага түшүүсү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү боюнча макулдашылган чараларды талкуулоо жана иштеп чыгуу үчүн жакшы аянтча болорун белгиледи.

«Өлкө аймагына катталбаган товарларды ташып келүү, ошондой эле уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кабыл алынган чараларга байланыштуу маселелер бүгүнкү жыйындын күн тартибинде турат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик фискалдык жана укук коргоо органдарынын жетекчилери баяндама жасашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тармактык мамлекеттик органдардын катталбаган продукцияларды ташуу менен күрөшүү боюнча иши жетишсиз деңгээлде болуп жатканын белгиледи.

«Республиканын аймагына катталбаган продукцияларды ташуу учурларын жоюу боюнча чараларды күчөтүү керек, кызматкерлердин кызыкдар тараптар менен ич ара сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн жоюу менен коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо жана четтетүү зарыл. Өлкө бюджетине каражаттардын түшүүсү силердин жоопкерчиликтүү ишиңерге көз каранды. Анткени бул каражаттар жаңы мектептерди, бала бакчаларды, жолдорду курууга, бюджеттик мекемелердин жана укук коргоо органдарынын айлык акысын жогорулатууга багытталат. Мыйзам боюнча чегерүүлөр кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, казынага түшүүсү керек», - деди өкмөт башчы.

Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга катталбаган товарларды ташып келүү учурларын алдын алуу жана жоюу боюнча ыкчам көзөмөлдөө жана рейддерди өткөрүүнү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий