• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев МЖАК кызматкерлери үчүн курулган турак үйлөрдү тапшыруу салтанатына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.08.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери үчүн Бишкек шаарында курулган көп кабаттуу турак үйлөрдү тапшыруу салтанатына катышты.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерин жаңы конуштары менен куттуктап, бул иш-чара кызматтын 15 жылдык юбилейи менен дал келгенин белгиледи.

«Мен силерди көп кабаттуу эки турак үйдүн курулушунун аякташы менен куттуктайм. МЖАК - адистештирилген өзгөчө орган, мына ушул түзүмгө мамлекеттин эркин аткаруу жана айыпкерлердин жазасын өтөөсү боюнча милдеттер жүктөлгөн. Өлкөдө жалпы камалгандардын саны жылдан жылга азайганы менен өмүр бою соттолгондордун саны көбөйүүдө. Дүйнөдө криминалдуу, экстремисттик жана террористтик уюмдардын күч алышы биздин өлкө үчүн дагы абдан актуалдуу. 2012-жылы абактардагы мындай уюмдарга аралашкандардын саны 79 адам болсо, өткөн жылы алардын саны 205ке жеткен. Бул жазык аткаруу тутумунун алдында жаңы милдеттерди жана жаңы чакырыктарды коет. Соттолгондорду оңдоодо, алардын туура жашоого бурулушунда силердин таасириңер зор», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, абактагылардын арасында жогоруда айтылгандай уюмдарга катышкан кооптуу кылмышкерлер аз эмес.

«Статистика боюнча, камалгандардын 40%га жакыны абактан чыккандан кийин да кайра кылмышка барышат. Ошондуктан мамлекет өз тарабынан алардын туура жашоого кайтуусуна бардык зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы кызматтын эл аралык уюмдар менен жөнгө салынган ишине өзгөчө көңүл бурду.

«Бүгүнкү күнү мамлекет күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин социалдык камсыздоо маселелерин чечүүгө аракеттенүүдө. Бул багытта бир катар жакшы натыйжаларга жетиштик, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүп турак жайлар курула баштады. Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери үчүн дагы турак үйлөрдүн берилиши кубандырат. Учурда Нарында 24 батирлүү үй салынган, Бишкек шаарында пландалып жатат. Ошону менен бирге Жалал-Абад шаарында дагы турак үйлөр салынууда. Азыр биз бардыгыбыз күбө болуп жаткан окуя - жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерин турак жай менен камсыздаган биринчи учур. Бул абдан кубанычтуу», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин энчилүү сааттар менен сыйлап, жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды жана алар менен бирге курулган үйдүн батирлерин көрүп чыкты.

Премьер-министр ошондой эле жазык аткаруу тутумунун мекемелеринде чыгарылган элдик колдонуудагы товарлардын кеңири түрүнүн үлгүлөрүн көрүп чыкты. Ал продукциялардын жогорку сапатын ырастап, өлкөдө жана чет жактарда учурдагы экспорттун көлөмүн эске алуу менен аны сатуунун жаңы рыногун издөөнүн маанилүүлүгүн айрыкча белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий