• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Ара-Көл айылындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышат, Кочкор районунун Кочкор айылындагы сүт заводунун жана Нарын районунун Жан-Булак айылындагы «Жийде-Бак» үрөн чарбасынын иши менен таанышат.

Ошондой эле Премьер-министр Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, Ат-Башы ГЭСинин иши менен таанышат.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери үчүн каралган турак-жайдын курулушунун жүрүшүн көрүп чыгат жана Нарын облустук бириккен ооруканасынын терапия бөлүмүнүн абалы менен таанышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий