• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев Нарын шаарындагы № 7-мектептин окуучуларынын акыркы коңгуроо салтанатына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 25.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы №7-мектептин окуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроо салтанатына катышты.

Өкмөт башчы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктоолору менен куттуктап, аларга көздөгөн максаттарына жетүүнү, билим алууга жана ар дайым өзүн өзү өркүндөтүүгө умтулууну каалады.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бардык бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктоолору менен куттуктайм. Мектеп экинчи үйгө айланат. Ар бир бир жолу мектепке кайтып келгенде адам өзгөчө толкундоону сезет. Себеби бул окуу жайда ал алгач ирет билим, тарбия алып, досторду тапкан. Көп жыл өтсө да, мен классташтарымды, мектепти бүтүп жатканда кандай толкунданып, көзүбүзгө жаш келгенин унутпайм. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов «Биринчи мугалим» повестинде жазгандай, ар ким өзүнүн билим берген биринчи мугалимин эсинен чыгарбайт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бүтүрүүчүлөргө билим жолуна багыт алып, кесипти туура тандоону каалады.

«Билим берүү тармагы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат. Мен бүгүн балдарыбыз чет тилдерде сүйлөп жатканына кубанычтамын. Биз өсүп келе жаткан муун мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде сүйлөшү керек. Мен баарыңарга кесипти туура тандап, техникалык адистик, ветеринария, айыл чарбасы же гуманитардык илим болобу, жогорку деңгээлдеги адистерден болушуңарга тилектешмин. Жан дүйнөңө жакын чөйрөдө иштеген – бул бакыт. Биздин максат – силерди инсан катары калыптандыруу, максаттарыңарга жетип, республиканын татыктуу жараны болушуңарга жетишүү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр сөзүнүн соңунда мектептин жетекчилигине компьютердик жабдууларды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий