• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

Аймак 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өкмөт башчы өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан жылуу куттуктоо сөзүн билдирди.

«Бай тарыхка ээ болгон Нарын шаарынын 150 жылдыгын белгилөө – бул чоң майрам. Нарын шаарынын тарыхы батыш менен чыгышты байланыштырып, эл менен маданияттарды байыткан Улуу Жибек жолунда жатат. Мында Тайлак баатыр, Тыныбек, Сагымбай, Молдобасан, Калыгул, Арстанбек, Боогачы, Казыбек, Тоголок Молдо, Кожомкул сыяктуу белгилүү тарыхый инсандар жашап өткөн. Белдүү замандаштырыбыздан Муса Баетов, Муратбек Рыскулов, Мидин Алыбаев, Жумамудун Шералиев жана Эсенгул Ибраевди атап кетпесек болбос», – деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Нарын жергесинин тургундары кыргыз саясатынын патриархы, чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевичтин мамлекетке жасаган ак эмгеги, адамдык бийик сапаттары менен өзгөчө сыймыктанып келет.

«Нарындан дагы канчалаган мыкты адамдар, Социалисттик эмгектин жана Советтер Союзунун баатырлары, кыргыздын биринчи генералдары, беделдүү инсандар, абройлуу окумуштуулар, ишкерлер, врачтар, мугалимдер, учкучтар өсүп чыккандыгы белгилүү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө Нарын шаары – облустагы ири, азыркы кезде Кыргызстандагы күрдөөлдүү өсүү жолуна түшкөн, келечеги кең шаарлардын бири.

«Нарын шаарынын келечеги кең. Тоолуу Нарын жергесинде мейманга сыйчыл, сөзгө чынчыл, эмгекти сүйгөн жана достукка күйгөн карапайым адамдар жашайт. Климаттын оор шарттарына карабастан, окуп, иштеп, жашап, мамлекетке салым кошуп келаткан Нарын элинин каармандыгына – таазим этебиз! Кезинде Нарын шаары музыкалык драм театры менен бүт республикага белгилүү болгон. Мындай театр башка бир да региондо болгон эмес. Дал ушул жерде залкар таланттар Жумамүдүн Шералиев менен Муратбек Рыскуловдун эмгеги сиңген. Бүгүн республикалык бюджеттин эсебинен толугу менен жаңыланып, реконструкциядан өттү. Балдардын республикалык музыкалык искусство мектеби салынды. Нарындын дагы бир сыймыгы – бул атактуу Чкалов мектеби. Владимир Филиппович Унгефухт 30 жыл жетектеген бул мектеп далайга таанылып, элибизге белгилүү көптөгөн саясий ишмерлер жана адистер окуган», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, учурда Нарын облусунун жана шаарынын интеллектуалдык потенциалын арттыруу боюнча кластер иштелип жатат.

«Буга байланыштуу Нарын мамлекеттик университетинин, эл аралык Орто Азия Ага хан университетинин алкагында кадимки кесиптерден тышкары заманбап кесиптерди – технология, компьютердик программаларды түзө алган IT адистерин даярдоого басым жасалууда.

150 жылдыктын Региондорду ɵнүктүрүү жылына дал келгендиги жакшы жышаан. Региондор өнүксө, өлкөбүз бекем болот, өсүп-өнүгөт. Региондорду өнүктүрүүдө таяныч шаарлар өнүгүүнүн өзөгү, көрөңгөсү катары айланасындагы айылдарды, кичи шаарларды алга карай сүрөгөн локомотив болушат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы жылдары Нарын шаарында көптөгөн турак-жайлар жана ар кыл социалдык объектилер курулууда.

«Азыркы Нарын шаары – Кыргызстандын түндүк тараптан миллирддык рыногу бар Кытай мамлекетине, ал аркылуу Чыгыш өлкөлөрүнө болгон тышкы соода байланыштарыбыздагы эң негизги түйүндүү дарбаза. Учурда соода менен катар аймактын өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө кезек келди. Ал үчүн айыл чарба продукциясын кайра иштете турган ишканаларды куруу зарыл. Буга катар Нарын чоң туристтик мүмкүнчүлүккө ээ, келечекте ал облустун жана шаардын экономикасын өнүктүрүүдө негизги кыймылдаткыч күчкө айланышы ыктымал», - деп белгиледи ал.

Жыйынтыгында Премьер-министр Нарын шаарынын жана облусунун тургундарына чың ден соолук, тынчтык, ынтымак, бакубатчылык жана бардык башталыштагы ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Нарын шаарынын мэрине юбилейдин урматына шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана көрктөндүрүүгө карата акчалай сертификат тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий