• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев Нарындын 150 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат

Өкмөт 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Анын ичинде Өкмөт башчы М.Рыскулов атындагы музыкалык-драма театрындагы салтанаттык иш-чарага, ошондой эле шаардын маарекесине арналган «Нукура» фестивалына барат.

Мындан тышкары Премьер-министр Нарын шаарындагы жаңы сүт иштетүү заводу курулуучу жер менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий