• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев: Объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет соцмилдеттенмелерди аткарууда

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өкмөт башчы өз сөзүндө социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Бул мен үчүн өзгөчө майрамдардын бири, анткени дал ушул социалдык коргоо чөйрөсүндө иштөө менен мамлекеттик кызматка алгачкы кадамды таштагам. Ушул залга көп жыл бирге иштешкен менин насаатчыларым, кесиптештерим менен бирге чогулдук. Калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу – бул асыл кесип. Бул чөйрө өткөн кылымдан тартып кесиптик мүнөзгө ээ болгону менен анын түпкүлүгү тереңде жатат – мээримдүүлүк, боорукерлик, кайрымдуулук, ырайымдуулук, соопчулук, гумандуулук деген сыяктуу иштер адамзат жаралгандан бери жашап келет», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана аярлуу катмарынын абалын жакшыртууга багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашырса жана жарандарын тийиштүү деңгээлде социалдык жактан камсыздай алса, күчтүү жана өнүккөн өлкө катары баа берилерин белгиледи.

«Экономикадагы объективдүү кыйынчылыктарга карабастан мамлекет мамлекет бардык социалдык милдеттенмелерди толук аткарып жатат. Жарандарыбызды социалдык жактан колдоо жана коргоо – ар дайым биздин ишибиздин башкы артыкчылыгы болуп келген жана боло берет. Экономиканы көтөрүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Биринчиден, финансылык маселелерди натыйжалуу чечүү жана бюджеттин көбөйтүү милдетин койсок, экинчи жагынан социалдык чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди чечүү милдети турат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Өкмөт улгайган адамдарды социалдык жактан камсыз кылуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, социалдык мекемелерди колдоо жана жумушсуздуктун санын кыскартуу боюнча маселелерди чечүү иштерин жакшыртууга күч жумшап жатканын белгиледи.

«Быйыл социалдык чөйрөгө 10,3 млрд сом бөлүнүүдө. Жакында биз келерки жылдын бюджетин алып чыгабыз жана бул санды 11,9 млрд сомго чейин жеткирсек дейбиз. 50 млрд сом пенсияга бөлүнөт, өлкө бюджетинин киреше бөлүгү 161 млрд сом болсо, анын жарымына жакыны жарандарды социалдык жактан коргоого жумшалат. Бул биз мамлекеттик саясаттын туура багытын тандап алганыбыздын далили, - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. - Былтыр биз медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү багытында жакшы жылыштарга жетише алганбыз, быйыл болсо мугалимдердин эмгек акысын көтөрдүк. Эми кезек сиздерге келди. Биргелешкен күч-аракет жана жемиштүү ишибиз менен биз алдыга койгон максаттарыбызга жетерибизге ишенем».

Өкмөт башчы сөзүн жыйынтыктап жатып, ишинен өзгөчөлөнгөн социалдык коргоо чөйрөсүнүн жана профсоюз кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий