• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев облустук жана райондук администрациялардын башчылары менен кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Өлкөнү өнүктүрүү саясатын натыйжалуу ишке ашыруу көбүнесе жер-жерлерде кабыл алынган чечимдердин сапатынан көз каранды. Бул тууралуу КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев облустук жана райондук администрациялардын башчылары менен болгон кеңешмеде айтты.

Кеңешменин жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.

Премьер-министр баса белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат. КР өкмөтү аларды ишке ашыруу боюнча иштерди улантат.

Мухаммедкалый Абылгазиев иште жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше түзүмүн калыптандырууга өзгөчө көңүл буруу керектигин, анткени мындан алардын жашоого жөндөмдүүлүгү түздөн-түз көз каранды экендигин белгиледи. 2019-жылы киреше салыгын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджетке кошумча 2,4 млрд сом түшкөн, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешеси 1,5 эсе өскөн (5 млрд сомдон 7,4 млрд сомго чейин). Мындан тышкары 2020-жылы алар кошумча 2,3 млрд сом алышкан, натыйжада алардын кирешелери 9,7 млрд сомго чейин көбөйөт.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкө боюнча республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.

«Бирок иш жүзүндө бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмес, Өкмөттүн демилгелери болуп саналат. Силер тигил же бул маселелерди чечүүдө ыйгарым укуктарыңар жетпей жатканын айтып нааразы болосуңар. Ошону менен бирге көбүңөр колуңарда бар ыйгарым укуктарыңарды натыйжалуу пайдалана албайсыңар. Тигил же бул районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн администрация башчысы жеке жооптуу. Силер кол алдыңарда иштегендер үчүн да, райондун жашоочулары үчүн да үлгү болууга тийишсиңер. Адамдар силерге ишениши керек», - деди ал.

Ал белгилегендей, ар бир райондун иши боюнча туруктуу негизде деталдуу статистика түзүлөт.

«Бул маалымат жарандардын, айыл жана шаар тургундарынын ой-пикирлеринин негизинде калыптанууда. Алар силерге баа берет. Силердин ишиңер тууралуу элдин ою кандай критерийлер боюнча түзүлөрүн жакшы билесиңер. Социалдык маселелерди чечүү, жумушчу орундарды түзүү, инвестиция тартуунун натыйжасында жергиликтүү инфраструктура өнүгөт. Эгерде аймак өнүксө, жергиликтүү тургундардын жашоосу дагы жакшырат. Мунун баары бири-бирине байланыштуу, анткени силердин чечимиңер элдин жашоо деңгээлине түздөн-түз таасир этет», - деди өкмөт башчы.

Ал 2020-жылы дотациядагы айыл өкмөттөрдүн санын кыскартуу боюнча иштерди активдүү жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

«Республикадагы айыл өкмөттөрдүн 80%дан ашыгы дотацияда. 2019-жылы болгону 4 айыл өкмөт дотациялык тизмеден чыга алды. Быйыл биз алдыбызга абдан чоң максатты койдук – 40 айыл өкмөт дотациядан чыгыш керек. Бул үчүн жакынкы убакытта иш жүзүнө аша турган механизмдер иштелип чыгууда. Ошол эле учурда силер борбордун тапшырмасын күтпөшүңөр керек. Демилгени өз колуңарга алып, маселелерди чечүүнүн үстүндө иштешиңер абзел. Азыр өзүнүн айылын жана шаарын өзгөртүү үчүн күйүп-бышкан райондук администрциянын жетекчиси аз кездешет. Көпчүлүгү жөн гана кызмат ордун ээлеп отурат», - деди ал.

Абылгазиев жакында район акимдеринин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоор бекитилерин эске салды.

«Силер жер-жерлерде өтө маанилүү маселелерди ыкчам, бюрократиялык тоскоолдуктарсыз чечишиңер үчүн биз ушул иштерди жасап жатабыз. Биз аймактарды өнүктүрүү максатында иштеп жатабыз. Инвестицияларды тартуу, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү, жумуш орундарын түзүү, социалдык маселелерди чечүү, ирригацияны өнүктүрүү жана калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча иштерди күчөтүү керек», - деди Абылгазиев.

Кеңешменин соңунда тийиштүү мамлекеттик органдарга ар бир район жана облуста жериндеги жетекчилердин ишинин натыйжалуулугуна инспектордук текшерүү жүргүзүү милдеттендирилди. Муну менен катар Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана район жетекчилерине 2020-жылдагы ишинин деталдуу планын түзүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий