• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев: Октябрдан тартып 120 миң мугалимдин айлыгы жогорулады

Билим 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. 1-октябрдан тартып 120 миң мугалимдин айлыгы жогорулады. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Белгилей кетсек, учурда парламентте “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

Анын айтуусуна караганда, алардын арасында окутуучулар, тарбиячылар, методисттер ж.б. билим берүү кызматкерлери бар.

"2019-жылдын бюджетине кошумча 1 млрд 742 млн сом каралды. Өкмөттүн бул чечими социалдык жактан абдан актуалдуу: эгерде бир үй-бүлөдө орточо 4төн жан болгондо, 500 миңге жакын адамга материалдык жактан жакшы колдоо болуп, турмушуна оң таасирин тийгизди деп ойлойм", - деди ал.

Андан тышкары, Абылгазиев саламаттык сактоо тармагына да токтолуп, гемодиализге – 322,8 млн сом кошумча каралгандыгын айтты.

"2018-жылы 1223 бейтап гемодиализ кызматын алып келсе, 2019-жылы 1518 адам (300 адамга көп) алды", - деп билдирди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий