• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев окумуштууларды жана илимий мекемелердин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 10.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев окумуштууларды жана илимий мекемелердин кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу илимпоздор жана илимий мекемелердин кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул жолку майрам 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катаал жылдарында уюшулган Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына туш келип жатканы символикалуу.

Ошол кыйын мезгилдерде илимдин бардык тармактары фронтту жеңиш менен камсыздоо үчүн гана эмес, өз илимий кадрларынын кийинки муунун түзүүгө бардык күч-аракетин жумшаган. Мына ошол учурда түзүлгөн СССРдин Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалы кийин Улуттук илимдер академиясы болуп түзүлүп, биздин өлкөнүн башкы илимий борбору болуп калды.

Учурда илим системасынын уюштурулушун реформалоо, илимий күчтөрдү жана каражаттарды бириктирүү, академиялык, жогорку окуу жайларында тармактык илимдерди интеграциялоо боюнча иштери биз үчүн актуалдуу болуп саналат.

Илимди каржылоонун келечектүү ыкмаларын киргизүү илимди өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Заманбап шарттарда кыйла суроо-талап жогору фундаменталдык жана прикладдык ойлоп табууларды артыкчылыктуу тартипте каржылоо зарыл.

Белгилей кетсек, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн гүлдөп-өсүүсү илимдин өнүгүшү жана инновациялык технологиялардын киргизилиши менен байланыштуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүү үчүн талантуу окумуштуулар менен изилдөөчүлөрдүн жаңы муундарын даярдоого, дүйнөлүк жамаатта улуттук илимибиздин атаандаштыкка жарактуулугуна жетишүүгө багытталган натыйжалуу мамлекеттик жана илимий-техникалык саясатты жүргүзүүгө бекем ниеттенет.

Баарыңыздарга чын дилден бекем ден соолук, жаратмандык жетишкендиктерди каалайм. Сиздердин жигердүү илимий табылгаларыңыздар менен чечкиндүү идеяларыңыздар коомубуздан орун таап, кыргыз илими өлкөбүздүн бакубаттыгы жана гүлдөп өсүшү үчүн кызмат кылсын».

Пикир

Оставить комментарий