• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Абылгазиев Ош шаарындагы жаңы жылдык балатыга катышат

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 27-декабрда Ош шаарына жумуш сапарынын жүрүшүндө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы балдардын жаңы жылдык балатысына катышат, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Иш-чара С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын имаратында өтөт.

Мындан тышкары Өкмөт башчы №12 көмөк көрсөтүү мектебинин, ошондой эле кыймыл таяныч тутумундагыт мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларын Жаңы жылы менен куттуктайт.

Пикир

Оставить комментарий