• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Ош шаарындагы жаңы жылдык балатыга катышты

Аймак 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын балдары үчүн уюштурулган Ош шаарындагы жаңы жылдык балатыга катышты.

Өз сөзүндө өкмөт башчы президент Сооронбай Жээнбековдун атынан балдарды келе жаткан 2019-Жаңы жылы менен куттуктады.

Премьер-министр Жаңы жыл балдар үчүн алар чыдамсыздык менен күткөн өзгөчө майрам болуп саналарын белгилеп, бул майрамдын келип чыгуу тарыхы тууралуу айтып берди.

«Биз Жаңы жылдын келишин жакшылыкка зор үмүт жана ишеним менен күтөбүз. Мен чын дилимден жаңы жылда силердин аруу тилектериңердин аткарылышын каалайм», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, жаңы жылдык балатыга катышууга биринчи кезекте окуунун алдыңкылары, сынактардын жеңүүчүлөрү, ошондой эле ар кандай иш-чараларда активдүүлүк көрсөткөн балдар чакырылды.

«Мен силер жана силердин окуудагы ийгиликтериңер менен сыймыктанам. Дайыма терең билимге ээ болуп, жакшы тарбия алып, өмүр бою өз ишиңердин мыктысы болуп жүрө беришиңерди каалайм. президентибиз Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр катары – мен, баарыбыз силердин мектебиңерди, окуткан эжей-агайларыңарды, айылыңарды жакшы билебиз. Көпчүлүгүңөрдүн айылыңарга барганбыз. Жер-жерлерде жашоону жакшыртуу үчүн жаңы мектептер жана бала бакчалар, спорт залдары жана маданият үйлөрү курулуп жатат. Бул иштердин баары биздин өлкөнү дагы кубаттуу жана күчтүү кылуу үчүн жасалууда», - деди Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле балдарды ата-энелерин сыйлоого жана угууга чакырып, заманыбыздын белгилүү жазуучуларынын бири Чыңгыз Айтматов ага татыктуу тарбия берген жана өзүнүн керемет жомоктору менен чыгармачылыкка болгон сүйүүсүн ойготкон чоң энесин дайыма эскерип келгенин айтты.

«Мугалимдердин жана улуулардын сөзүн ар дайым угуу керек. Спорт менен алектенип, чет тилдерди үйрөнгүлө, дене тарбиялык жана руханий өнүгүүгө, билим алууга умтулгула. Келечек силердин колуңарда. Силер бактылуу, дени сак жана акылдуу болсоңор – бул биздин бакыт. Биз бул максаттарда күнүгө иштейбиз. Силердин келечегиңер кең болуп, бекем жана күчтүү өлкөдө жашашыңарга тилектешмин. Баарыңарга ден соолук, бакыт жана бардык башталыштарда ийгиликтерди каалайм»,- деп баса белгиледи өкмөт башчы.

Иш-чара майрамдык концерттик программа менен уланып, соңунда аймактардан келген балдарга премьер-министрдин атынан белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий