• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Оштогу «Бирдиктүү терезенин» иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын базасында буга чейин түзүлгөн «Бирдиктүү терезенин» иши менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы Бекжан Курманалиев документтерди берүү процесси, ошондой эле жарандарды тейлөө тартиби жана түрлөрү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, «Бирдиктүү терезе» режиминде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо арыз менен кайрылууда убакытты үнөмдөөгө, маалыматтарды киргизүү жана эмгек акы төлөө механизмин жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга шарт түзөт.

Борбордун ишинде ар түрдүү уруксат кагаздарын алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү каралган. Ошондой эле бул жерде соттолгондугу тууралуу маалым кат, кооптуу жүктөрдү унаа каражаттары менен ташууга уруксат берилет, жарандык жана кызматтык куралдарды, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык заттарды жүгүртүүгө лицензия жана уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алуу жана берүү ишке ашырылат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, бүгүнкү күнү Өкмөт чоң реформаларды жүзөгө ашырып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү тутумун киргизүүдө.

Анын айтымында, мындай борборлордун иши коррупцияны азайтып жана калктын аткаминерлер менен түз байланыштарын жоюуга шарт түзөт, бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууну өбөлгөлөйт.

Премьер-министр баса белгилегендей, бул багыттагы иштер күчөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий