• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Оштогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер тарбиялануучу мекемелерди кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында Ош шаарындагы №12 көмөк көрсөтүү мектебинин жана Кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларынан кабар алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул мекемелерде балдарды тарбиялоо жана окутуу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, алардын сабактарына катышты.

Ошондой эле Өкмөт башчы мугалимдердин жана окуучулардын күчү менен даярдалган майрамдык концерттик программаны көрдү.

Премьер-министр балдарды жана алардын ата-энелерин, мекемелердин жалпы жамаатын келе жаткан жаңы 2019-жылы менен куттуктап, балдарга ден соолук жана окууларына ийгилик каалады, андан соң аларга белектерди тапшырды.

Өкмөт башчы мекемелердин жамааттарына жанын аябаган эмгектери жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көрсөткөн камкордугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү өлкө Өкмөтүнүн ишмердигинде ар дайым артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Ал баса көрсөткөндөй, бул багыттагы иштер улана бермекчи.

Балдардын ата-энелери менен сүйлөшүүдө Мухаммедкалый Абылгазиев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көргөн ата-энелердин бирине акы төлөө боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими тууралуу эскертти. Бул биринчи кезекте иштөөгө жана пенсияга чыгууга мүмкүндүгү жокторго тиешелүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр №12 көмөк көрсөтүү мектебинин жана Кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун жамааттарына материалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу үчүн акчалай сертификаттарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий