• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев павловния бак-дарактарын өстүрүү боюнча плантацияларды түзүү келечегин изилдеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен павловния түрүндөгү дарактардын көчөтүн отургузуу боюнча өндүрүштүк плантацияларды түзүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, шаарлардын жана жаратылыш парктардын өсүмдүктөр дүйнөсүн байытуу үчүн өлкөдө токой чарбасын өнүктүрүү боюнча натыйжалуу кадамдарды кабыл алуу зарыл.

«Социалдык дарак» коомдук бирикмесинин директору Арстанбек Тазабеков павловния породасындагы бактардын өзгөчөлүгү жана аларда Кыргызстанда өндүрүштүк масштабда өстүрүү тууралуу маалыматтарды сунуштады.

Ал павловния жыгачынын баалуу сапаттарын эске алганда, бул түрдөгү бак-дарактар экологиялык жана экономикалык артыкчылыктарга ээ экени, бул болсо Кыргыз Республикасынын климаттык шарттарында анын жакшы өсүүсү үчүн зарылдыгы тууралуу айтып берди. Андан соң павловния бактарын республиканын аймактарында отургузуу үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Шаардык чөйрөнү жакшыртуу маселесинин актуалдуулугун белгилөө менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ырастагандай, шаардык инфраструктуранын ыңгайлуулугун жана кооздугун жогорулатууда, эң башкысы – жашоочуларды экологиялык коргоону камсыздоодо өсүмдүктөрдүн ролу алмаштыргыс.

«Биз токой чарбасында жаңы артыкчылыктуу багыттарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн дыкат изилдеп чыгууга тийишпиз. Бул шаарлардын жана парктардын өсүмдүктөр дүйнөсүн байытууга, сапаттуу курулуш материалдарын жана жыгач буюмдарды өндүрүүгө шарт түзөт. Жаңы жумушчу орундарын түзүүнү, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууну өбөлгөлөйт. Албетте, бак-дарактардын жана жашыл өсүмдүктүктөрдүн аянтын кеңейтүү өлкөнүн экологиялык абалына жагымдуу таасир тийгизерин белгилеп кетүү зарыл», - деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев компетенттүү мамлекеттик органдарга өлкөдө павловния бак-дарактарын өстүрүү боюнча плантацияларды түзүү келечегин изилдеп чыгууну жана тиешелүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Маалымдама: Бир павловния багынын жалбырактары орто эсеп менен 22 кг көмүркычкыл газын сиңиришет жана жылына 6 кг кычкылтек чыгарышып, миң метр куб абаны тазалашат.

Бак кайра отургузууну талап кылбайт, аны ар бир кырккан сайын кайра калыбына келет. Тамыр тутуму 70 жылга жакын жашайт жана 8-9 циклдин ортосунда сегиз жылдан чыдай алат.

Бак 5-7 жылда толук өсүп, 1 кубга чейин жыгач бере алат.

Пикир

Оставить комментарий