• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Региондорду өнүктүрүү Программасынын алкагында чектеш айылдарга өзгөчө көңүл бурулат

Аймак 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-июнда, Баткен облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Лейлек районунун 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлгөн Максат айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасы менен чектеш аймагында жайгашкан Максат айылынын тургундары чектеш айылдардын коопсуздугуна, айланма жолдордун курулушуна, жеңилдетилген насыялардын берилишине байланыштуу бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

«Тажик тараптагы коңшулар менен биз кыйла достук мамиледебиз. Анткен менен кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин жөнгө салуу зарыл», - дешти жергиликтүү жашоочулар.

Мындан тышкары айылдыктар таза ичүүчү суу менен камсыздоо, ирригациялык тутумду, электр энергиясын өнүктүрүү жана фельдшердик-акушердик пункттун штаттык санын көбөйтүү маселелерин көтөрүштү.

Мухаммедкалый Абылгазиев анын аймакка сапарынын негизги максаттарынын бири жергиликтүү жашоочулардын өтө зарыл көйгөйлөрүн чечүү экенин белгиледи.

«Фельдшердик-акушердик пункт маселеси чечилди. Өлкө Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоосунун алкагында чектеш айылдарга, анын ичинде социалдык объектилердин курулушуна өзгөчө көңүл бурулат. Мамлекеттик чек ара маселеси баскыч-баскычы менен чечилет. Учурда тиешелүү комиссия Тажикстан Республикасына сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн жөнөп кетти»,- деп билдирди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Максат айылынын тургундары козгогон бардык маселелер иликтенип жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан ыкчам тартипте караларын баса белгиледи.

Андан соң Премьер-министр Белес тилкесиндеги 2020-жылга бүткөрүү пландалган чакан ГЭСтин курулушу менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий