• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Россиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуу учурунда өкмөт башчы, биздин республика кыргыз-россия кызматташтыгын мындан ары карай өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеген.

«Россия стратегиялык өнөктөш жана союздаш, эң башкысы биз үчүн боордош өлкө болуп саналат», - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев үстүбүздөгү жылы кыргыз-россия Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-жыйыны, 8-чи аймактар аралык конференция ийгиликтүү өткөрүлгөнүн айтып өткөн.

«Жакын арада Россия өкмөтүнүн башчысы Медведев Дмитрий Анатольевичтин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына визити күтүлүүдө. Буга байланыштуу, кыргыз-россия кызматташтыгынын динамикасы эң жогорку деңгээлде турарын жана биз аны мындан ары карай өркүндөтүү үчүн баардык аракетти жасап жатканыбызды белгилеп кетким келет», - деп белгилеген премьер-министр.

Өкмөт башчы Россиянын президентинин мамлекеттик визитинин, ошондой эле сегизинчи аймактар аралык конференциянын алкагында 6 млрд АКШ долларынан ашык суммага 53 документке кол коюлганын белгилеген.

Анын айтымында, тиешелүү мамлекеттик органдарга жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерин сапаттуу иштеп чыгуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилген.

Мындан тышкары премьер-министр билдиргендей, кыргыз тарап 2020-жылы Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жылы жана Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын жылы деп жарыялоо жөнүндө мамлекет башчылардын макулдашууларынын алкагында Уюштуруу комитетин түздү жана азыркы тапта биргелешкен иш-чаралардын деталдуу планы иштелип жатат.

Өз кезегинде элчи Николай Удовиченко кыргыз-россия кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүүсүн белгилеген.

Ал өз тарабынан жетишилген макулдашууларды жана кол коюлган келишимдерди ишке ашырууну колдоого даярдыгын билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жана эки жактуу мамилелердин башка актуалдуу маселелери талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий