• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев: «РСК Банк» ААК – экспортчуларды колдоого, ал эми «Айыл банк» ААК - айыл чарбасын колдоого басым жасоосу тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. «РСК Банк» ААК – экспортчуларды колдоого, ал эми «Айыл банк» ААК - айыл чарбасын колдоого басым жасоосу тийиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, өлкө Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну камсыздоо чараларынын алкагында өткөрүлүүдө.

«Өлкөнүн экспорттук потенциалын атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо аркылуу өнүктүрүү зарыл. Дал ушул үчүн биз айыл чарбасын, экспорттук операцияларды колдоого, өндүрүштү модернизациялоого багытталган жеңилдетилген насыяларды берүү тутумун жигердүү өнүктүрүп жатабыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, жеңилдетилген насыялоо тутуму «Айыл банк» ААК, «РСК банк» ААК, «Кепилдик фонду» ААК, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин камтууга тийиш.

«Бул тутумдун негизги милдети атамекендик экономиканын артыкчылыктуу багыттарында бизнес жүргүзгөн чарбалык субъектилерди жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча аракеттешүү болушу зарыл», - деди ал.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы 2018-жылы «Айыл банк» ААКсынын уставдык капиталын 20 млн АКШ долларына көбөйтүп, бул көрсөткүчтөрдү 100 млн АКШ долларына чейин жеткирүүгө каражаттарды табууну тапшырды. Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылы «РСК банк» ААКсынын уставдык капиталын 29 млн долларга жана «Кепилдик фонду» ААКсынын уставдык капиталын 1 млрд сомго чейин көбөйтүү маселелерин иштеп чыгуу милдеттендирилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, «Айыл банк» ААКсы капиталдаштыруудан кошумча каражаттарды айыл чарба кооперативдерин түзүүнү жана колдоону өбөлгөлөөгө, ал эми «РСК банк» ААКсы – экспорттук ишканалар үчүн арзан насыяларды каржылоого жумшоосу кажет.

Пикир

Оставить комментарий