• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев «Русгидронун» төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын суу энергетикалык зор потенциалын жана аймактын өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү боюнча пландарды эске алуу менен гидроэнергетикалык тармакта өз ара пайдалуу кызматташуу келечектери талкууланды.

Белгиленгендей, тышкы гидроэнергетикалык тармактагы кызматташуунун натыйжалуу жолдорун табуу тышкы инвестицияларды тартууну жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадына байланыштуу кырдаалды өз ара пайдалуу жөнгө салууну камтып, өнүгүүнүн оңтойлуу динамикасына жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда стратегиялык кызматташууну бекемдөөгө дал келет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Кыргызстан жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүү жана тармактын экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн гидроэнергетика чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташууга кызыкдар.

Пикир

Оставить комментарий