• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Салык процедураларын электрондук фискалдаштыруунун долбоору – Өкмөт үчүн артыкчылыктуу

Өкмөт 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Салык процедураларын электрондук фискалдаштыруунун долбоору – Өкмөт үчүн артыкчылыктуу, бул долбоор аркылуу олуттуу финансылык ресурстарды көмүскө жүгүртүүдөн алып чыгабыз жана бюджетке олуттуу финансылык ресурстарды кайтарабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү маселеси боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөттүн буйрутмасы жана БУУӨП кеңсесинин колдоосу астында даярдалган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана инфраструктурасынын электрондук фискалдык администрациялоого өтүүгө карай даярдыгын баалоо сунушталды. Аналитикалык документ Price Water House Coopers Tax and Advisory эл аралык аудитордук компаниясы тарабынан даярдалган.

Адистердин айтымында, салыктык процедураларды фискалдаштыруу тутумун киргизүү көмүскө экономиканын бардык элементтерин толук кандуу кыскартууну камсыздоого мүмкүндүк берет, мында өлкөнүн бюджетине каражаттардын түшүүсүн жогорулатуу камсыздалат.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу өкүлү катары Озонниа Ожиело белгилегендей, республика Евразия экономкалык биримдигинин мүчөсү катары экономикалык интеграциянын катышуучу-өлкөлөрү менен катарлаш шайкеш саясатты жүргүзүү, анын ичинде көмүскө экономика менен күрөшүү жана бюджеттин кирешесинин ачыктыгын камсыздоо боюнча келечектүү чараларды кабыл алууга тийиш.

«Электрондук администрациялоону киргизүү кыргыз экономикасынын глобалдыкка кыйла активдүү интеграциялануусуна шарт түзөт жана Евразия экономикалык биримдигине өлкөнүн натыйжалуу катышуусун камсыздайт. Бул өлкө бюджетине салыктык түшүүлөрдүн көлөмүн жогорулатууну шарттайт», - деп белгиледи.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев БУУӨП жана PricewaterhouseCoopers өлкө үчүн абдан маанилүү бул ишти уюштурууга аракеттешүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин адистер электрондук фискалдаштыруу сыяктуу мындай кыйын долбоорго республиканын даярдыгын тышкы объективдүү баалоого муктаж болуп келишкен. Алар концепцияны иштеп чыгууга көп нерсе жасашты, бирок таасирдүү жүзөгө ашыруу үчүн өтө дыкат жана ар тараптуу изилдөө талап кылынат. Дал ошондуктан долбоорду сапаттуу даярдоону камсыздоо үчүн Pricewaterhause Coopers адистери тартылган», - деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев ырастагандай, ал бул долбоорду жеке өзү көзөмөлдөйт, буга байланыштуу, анын тапшырмасы менен «долбоордук башкаруу» принциптери боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн өз алдынча чакан түзүм түзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий