• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Санариптештирүү маселеси мезгилдин гана талабы эмес, бул заманбап дүйнөгө кеңири жол

Өкмөт 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү санариптештирүү маселесине өзгөчө маани берет, себеби бул мезгилдин гана талабы эмес, бул заманбап дүйнөгө кеңири жол. 2020-жылдын октябрында санариптештирүү процесси аягына чыгышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын 2019-жылы аткарылышынын жыйынтыктары каралып жаткан учурда билдирди.

Анын айтымында, эгер азыр санариптештирүү процессине жакшы көңүл буруп, мамлекеттик жана муниципалык кызматтарды электрондук форматка өткөрбөсөк, эртең өнүккөн мамлекеттер менен гана эмес, биздин өнөктөштөр менен дагы кызматташа албай калабыз.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев аткарылып жаткан иштер тууралуу, санариптештирүүнүн жол картасынын аткарылышы жөнүндө маалымат берди. Андан тышкары ал 2020-жылы мамлекеттик жана муниципалык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, «Коопсуз шаар» долбоорунун аткарылышы улантылып, киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоону жакшыртып, электрондук саламаттык сактоо системасын жана дагы бир катар маселердин үстүндө иш жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Өкмөт башчынын айтымында, азыр айрым жетекчилер санариптештирүү маселесине жакшы көңүл бурбай жатат.

«2020-жылдын 1-октябрынан тартып бардык айыл өкмөттөрүн санариптик платформага өткөрүүнү камсыздап, «Санарип аймак» долбоорун масштабдуу ишке киргизебиз. Саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык өнүгүү объекттеринин 80% интернет менен камсыздалат. Бирдиктүү санариптик платформаны түзүү келечекте бүт республика боюнча пландаштыруунун бирдиктүү санариптик картасын түзүп чыгууга мүмкүндүк берет”, – деди Премьер-министр.

Ал ошондой аймактык санарип инфраструктураны, санарип экономикага шарт түзө турган компоненти бар «Digital Casa - Кыргызстан» долбоорун ишке ашырууну эске салды.

«Бул долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк 50 млн доллар берүүдө, анын жарымы кредит болсо, экинчи жарымы грант. Долбоордо мамлекеттик жана муниципалык кызматкерлерди, айыл өкмөттөрдүн жана райондук администрациялардын кызматкерлерин окутуу тууралуу компонент бар», – деди Премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий