• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев Сауд Аравиянын элчиси менен жолугуп, кызматташууну талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана Кыргызстан жана Сауд Аравиясынын ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

Премьер-министр маданий-гуманитардык, туристтик жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактардагы эки жактуу мамилелердин ырааттуу өнүгүшүн канааттануу менен белгилеп, сауд тарапка көрсөткөн көмөгү, анын ичинде Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Эки жактуу байланыштарды активдештирүүнү жана туризм чөйрөсүндөгү алакалардын өнүгүү динамикасын эске алуу менен жолугушууда Кыргызстан жана Сауд Аравиясынын ортосунда түз аба каттамдарын түзүү маселесин илгерилетүүгө эки жактуу кызыкдарлык белгиленди. Бул туристтердин санынын мындан ары өсүүсүнө, товар жүгүртүүнүн көбөйүүсүнө жана эки тараптуу байланыштарды жөнгө салууга шарт түзөт.

Мындан тышкары Элчи Абдурахман бин Саид Аль-Жума Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Сауд Аравиянын Королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун атынан «Camel Fest» этнофестивалынын жабылыш салтанатына келип кетүүгө чакырды, анда Кыргыз Республикасынын делегациясы активдүү катышууда.

Өкмөт башчы масштабдуу этнофестивалды өткөрүүгө ийгиликтерди каалап, сауд тарапка чакыруу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий