• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнүн көлөмү өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 71% түзөт

Экономика 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөр менен товар жүгүртүү көлөмү өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 71% түзөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «ШКУ: Кызматташтыктын чегин кеңейтүү» бизнес-форумунун жүрүшүндө билдирди.

«Инвестициялардын, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы сыяктуу натыйжалуу механизмдерди, бирдиктүү финансы-кредит жана бажы саясатын киргизүү, ошондой эле соода операцияларын жүргүзүүдө бирдиктүү валютаны киргизүү жана өнүктүрүүаркылуу келечекте кубаттуу экономикалык уюм түзүлөт. Бул ШКУга кирген бардык өлкөлөр үчүн утуштуу», - деди Абылгазиев.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, Кыргызстан үчүн ШКУ мүчө-өлкөлөрү менен кызматташуу – бул ириде, туруктуу экономика, ийгиликтүү ишмердүүлүк жана инвестициялар, транспорттук инфратүзүмдү жана энергетиканы модернизациялоо, туризм жана заманбап маалыматтык технологиялар.

«Бул артыкчылыктуу багыттарда өз ара аракеттешүү үчүн Өкмөт тарабынан иш-чаралар комплекси иштелип чыгып, аткарылып жатат. Сандарга кайрылсак, 2018-жылы биздин өлкөнүн товар жүгүртүүсү 6,7 мрлд доллар түзгөн. Ошол эле учурда ШКУ өлкөлөрү менен – 4,7 млрд доллар түзгөн, бул товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 71%. Ал эми импорт 13%, экспорт 11% өскөн. Акыркы 5 жылда товар жүгүртүү жалпысынан 7% өстү», - деди Өкмөт башчы жана бул фактылар ШКУ алкагында республиканын оң динамикасы жана товар жүгүртүүнү, алды менен продукциялардын импортун көбөйтүүгө потенциалы бар экендигин көрсөтөрүн кошумчалады.

Премьер-министрдин айтымында, ШКУ өлкөлөрү акыркы жылдары Кыргызстан үчүн негизги инвестициялык өнөктөштөр бойдон калууда.

«2018-жылы Кытайдан түз инвестициялардын көлөмү 245,4 млн АКШ долларын, Россия Федерациясынан – 154,4 млн доллар түзгөн. Пакистан Ислам Республикасынан 8,9 млн АКШ доллары тартылган, бул 2017-жылдын деңгээлинен 2,3 эсе көп. Үстүбүздөгү жылы Регионалдык конференциянын алкагында россиялык бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен 6 млрд АКШ долларына 53 документке кол коюлгандыгы Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө айтып турат. Мисалы, «Росгеология» компаниясы менен минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүү боюнча 1,2 млрд долларга келишим түзүлгөн. «Русэлпром»россиялык энергетикалык концерни атамекендик гидроэнергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 1,5 млрд АКШ долларын салат. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапарынын алкагында биздин өлкөнүн гидроэнергетика жаатында 1 млрд евро суммасындагы долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашылды», - деп белгиледи Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Кыргызстан маанилүү гидроэнергетикалык ресурстарга ээ, анын камы 143 млрд квт/с энергия деп бааланат. Бүгүнкү күнү учурдагы потенциалдын 7,8% гана колдонулат.

«Биздин өлкөнүн туризм чөйрөсү бизнес жүргүзүү үчүн өзгөчө ылайыктуу. 2018-жылы биздин республикага 7 млн турист келген, бул 2017-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Туристтик агымды көбөйтүү үчүн дүйнөнүн 56 өлкөсү (учурда – 45 өлкө) менен визасыз режим киргизилүүдө, «Ачык асман» долбоору ишке берилди, ал бизнес жүргүзүү үчүн маанилүү жана жагымдуу транзиттик борборго айланат», - деди премьер-министр.

Абылгазиев өз сөзүндө белгилегендей, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусундагы кооперациялык биржа форматындагы форумдун ишинин жыйынтыгы боюнча 2 млрд АКШ долларынан ашуун суммалык документтерге кол коюу күтүлүүдө.

«Экономикалык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ШКУнун, анын ичинде Өнүктүрүү банкынын финансылык механизмдерин түзүүнү тездетүү керек. 18 жылдык ишмердүүлүгүндөШанхай кызматташтык уюму абройлуу эл аралык жана аймактык уюмга айланды», – деп жыйынтыктады Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий