• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.19. /Кабар/. Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) иш сапар менен барган КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчынын сөзү:

«Урматтуу Өкмөт башчылар!

Кандай гана интеграциялык уюм болбосун анын негизинде өлкөнүн, инвестициянын жана бизнестин экономикалык кызыкчылыктары турат. Муну эске алуу менен, үстүбүздөгү жылдын майында Бишкек шаарында Уюмга мүчө бардык мамлекеттердин алдынкы бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өттү.

Мындай форумдарда инвестициялык кызматташууну илгерилетүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу иш жүзүндө колдонулат деп ишенем. Бул тууралуу биздин өлкөнүн экономикасындагы инвестициялык агымдардын саны жана фактылары айтып турат.

ШКУ алкагында биз жарандарыбызды руханий жана маданий байытууга зор маани беребиз. Биз экономикалык көрсөткүчтөрдүн аркасына түшүп алып, адамдык баалуулуктар, маданий, искусство жана спорт элибизди өнүктүрүүнүн эң маанилүү факторлору экендигин унутуп калбоого тийишпиз. Бул жерде биздин өлкөлөрдүн жана элибиздин тарыхы миң жылдыктар бою бир нече ирет кайчылашып өткөнүн, өз ара байып жана жалпы тамырга ээ экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Улуу Жибек Жолу мында ачык мисалы катары боло алат.

Маданий-гуманитардык иш-чаралар, анын ичинде ШКУ Аялдар форуму жана башка жолугушуулар мындай алакалардын башталышы гана деп эсептейм.

Урматтуу жыйындын катышуучулары,

ШКУ – бул мазмуну терең уюм. Уюмда төрагалык кылган Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун алдында уюмдун аброюн жана маанисин жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшады.

Өзүңүздөр билгендей, үстүбүздөгү жылдын июнунда Бишкек шаарында ШКУ Мамлекет башчыларынын кеңешинин 18-жыйыны өтүп, анда тыкыр иштерди талап кылган маанилүү документтерге кол коюлду.

Бул өңүттөн алганда биздин жыйындын бүгүнкү күн тартиби ШКУ алкагында ар тараптуу кызматташууну мындан ары карай кеңейтүүгө багытталган.

Биз бүгүн Көп жактуу соода-экономикалык кызматташуу программасынын жаңы редакциясын бекитебиз. Мен бул Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу ШКУ мейкиндигинде туруктуу экономикалык өсүштүн жана прогресстин аймагын түзүүгө жол ачып, жыйынтыгында биздин мамлекеттердин жарандарынын бакубатчылыгын өстүрөт деп ишенем.

ШКУ ишмердүүлүгүндө оң натыйжалар менен бирге активдүү түрдө чечүү зарыл болгон бир катар маселелер бар.

Алсак, ШКУ Банкын түзүү жана ШКУ Фондун өнүктүрүү маселелерин, транспорттук-логистикалык тармактагы биргелешкен долбоорлор боюнча иштерди активдештирүү абзел. Эсептөөлөрдүн улуттук валюталарга өтүүсүн камсыз кылуу керек, бул дүйнөлүк каржылык тартыштыктарда тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзмөк.

Индустриалдык парк жана транспорттук-логистикалык борборлор чөйрөсүндө тараптарга Кыргыз Республикасынын Кытай менен чектеш аймагында Соода-логистикалык борборду курууга активдүү катышууга чакырам.

Көзөмөл-өткөрүү пунктунун комплекстүү инфраструктуралык жана өнүккөн логистикалык тутуму менен жабдылган бул долбоор ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик дараметин жана соода-экономикалык аймактар аралык кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталат.

Бул долбоорду ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзөт.

Кымбаттуу достор,

Бизнес жана ишкерлик – бул экономиканын ШКУнун алкагында кыйла активдүү өнүгүп жаткан тармактары.

Буга байланыштуу ШКУ Банктар аралык бирикмесинин натыйжалуу ишин белгилей кетким келет. Кыргыз тараптын төрагалыгы мезгилинде Банктар аралык бирикменин курамына ири финансылык институттар кирген.

2018-жылы «Хабиб Банк Лимитед» (Пакистан) Банктар аралык бирикменин мүчөсү макамын алган, ал эми 2019-жылы Банктар аралык бирикмеге Индия инфраструктуралык финансылык компаниясы кошулган.

2019-жылдын июнь айында Ысык-Көлдө Банктар аралык бирикменин Кеңешинин жыйыны ийгиликтүү өтүп, анын алкагында эки тараптуу келишимге кол коюлуп, ШКУ өлкөлөрүндөгү ири банктардын ортосунда бекем өнөктөштүк алака түзүлдү.

ШКУнун Ишкерлер кеңешинин алкагында алгылыктуу иштер жасалууда, анын негизги күчтөрү өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруудагы ШКУнун диалогу боюнча мүчө-өлкөлөрдөгү ишкерлерге, байкоочуларга жана өнөктөштөргө жардам берүүгө багытталган.

Урматтуу кесиптештер,

Баштагыдай эле мейкиндикте жана ШКУнун тышкы чек араларында коопсуздукту камсыз кылуу Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктардын бири болуп кала берет.

Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгы мезгилинде ушул жылдын апрель айында Бишкекте «ШКУ-Афганистан» Байланыш тобунун кезектеги жыйыны өттү жана мындан аркы аракеттердин Жол картасынын долбоору макулдашылды.

Экономикалык кылмыштар, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, трансулуттук мүнөзгө ээ, баңги затын сатуу, аткезчилик жана мыйзамсыз кирешелер сыяктуу башка кылмыштар менен байланышы бар жана мамлекеттердин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат.

Кыргыз Республикасы заманбап чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүүдө ШКУнун экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органын түзүү демилгесин көтөрдү.

Урматтуу жыйындын катышуучулары,

2001-жылы Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна кирүү чечимин кабыл алуу менен уюмдун бардык мүчөлөрү сыяктуу эле өзүнө зор жоопкерчиликти алган. Уюмдун кадыр-баркын бардык күч менен чыңдоо жана арттыруу – Кыргыз Республикасы бүгүн өзүнө алынган бул милдеттемелерди бекем карманат. Биздин жолугушуу дүйнөлүк экономиканын жана жалпы дүйнө коомчулугунун өнүгүүсүнүн оңой эмес шарттарында өтүп жатат. Биз бардык күчүбүздү бириктиргенде гана кыйынчылыктарды жеңип, көздөгөн максаттарыбызга жете алабыз. Шанхай кызматташтык уюму дүйнөдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун ишенимдүү символу болуп калат деп терең ишенем».

Пикир

Оставить комментарий