• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Абылгазиев стандартташтыруу жана метрология кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев стандартташтыруу жана метрология кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология күну менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

Урматтуу стандартташтыруу жана метрология кызматкерлери,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Стандартташтыруу жана метрология биздин жашоо турмушубуздун бардык чөйрөсүн камтыйт. Алар керектөөчүлөрдүн укугун, айлана-чөйрөнү коргоонун негизи болуп эсептелет, ошондой эле эл аралык соода мамилелерин өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ.

Республикада чыгарылып жаткан продукциялардын сапатын, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын коопсуздугун жоргорулатуу стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин ишинен түздөн-түз көз каранды экенин өзгөчө белгилейм. Бул эстен чыгарбай турган маанилүү аспект.

Сиздердин тажрыйбаңыздар жана кесипкөйлүгүңүздөр биздин продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына, алардын дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келишине жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тышкы рынокторго чыгуусуна көмөк көрсөтөрүнө ишенем.

Ушул кесиптик майрам күнүндө, көп күчтү талап кылган эмгегиңиздер үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем жана ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, бакубат жашоо-турмуш каалайм!

Пикир

Оставить комментарий