• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 29.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Төмөндө куттуктоонун текстин толугу менен келтиребиз:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Статистика кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Статистика мамлекеттин, коомдун жана адамдын жашоо-турмушунун дээрлик баардык жактарын өзүнө камтыйт. Статистика мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга өзүнүн орчундуу салымын кошот жана өлкөнүн экономикалык, социалдык жана демографиялык саясатын аныктоодо жана ишке ашырууда абдан маанилүү роль ойнойт. Кыргыз Республикасынын статистика органдарынын ишинин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө социалдык-экономикалык приоритеттерди туура аныктоого, жалпы мамлекеттик экономикалык максаттарга жетүү багытындагы саясатты иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө Улуттук статистика комитети маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жаңы технологияларын ишке киргизип, статистика системасынын ийгиликтүү иштеши үчүн азыркы учурдагы рыноктук экономиканын талаптарын эске алуу менен статистикалык көрсөткүчтөрдүн тизмесин актуалдаштырууда, маалымат пайдалануучулардын баардык категориялары - мамлекеттик органдардан тартып бизнес-жамааттарга, эл аралык коомчулукка чейин элдин кеңири катмары менен тыгыз кызматташууда.

Бүгүнкү майрам күндө Сиздердин ата мекендик статистиканы өнүктүрүүгө жана статистика органдарынын ардагерлери түптөп кеткен каада-салттарды улантууга кошуп жаткан салымыңыздар абдан маанилүү экенин айтып коюшубуз керек. Сиздердин өз ишиңерди зор жоопкерчилик менен кылдат, так, тез, ак ниет аткарып жатканыңыздар Мамлекеттик статистика системасынын ишинин ырааттуулугуна жана кадрлык жактан туруктуулугуна өбөлгө болууда.

Сиздерге чың ден соолук, иштеги ийгиликтерди жана бакты-таалай каалаймын!”

Пикир

Оставить комментарий