• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Абылгазиев статистика органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 26.04.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Төмөндө куттуктоонун тексти:

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Статистика кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы тууралуу толук, ишенимдүү, илимий жактан изилденген расмий статистикалык маалыматтар менен камсыздоого багытталган расмий статистикалык эсепке алуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырган маанилүү орган болуп саналат.

Азыркы учурда сапаттуу, ишенимдүү статистикалык маалыматтарды өз убагында алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын туура белгилөөгө, жалпы мамлекеттик экономикалык максаттарга жетүүгө багытталган саясий чараларды иштеп чыгууга базалык шарт болуп саналат.

Быйылкы 2020 жылы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүлөт, анын ичинде эл жана турак жай фондун каттоо милдети алдыда турат. Мамлекеттик статистика органдары алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарат деп ишенем.

Андан сырткары, үстүбүздөгү жылы «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамы күчүнө кирет, ал улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешине жана расмий статистикага коомчулуктун ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Ушул салтанаттуу күнү статистикалык органдардын ардагерлеринин сиңирген эмгектерин, алардын жогорку кесипкөйлүгүн жана мекенибиздин статистикасын өркүндөтүүдөгү чыдамкайлыгын өзгөчө белгилеп кетким келет.

Бардыгыңарга бекем ден соолук, үй-бүлөдө бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишиңерге ийгиликтерди каалайм!

Пикир

Оставить комментарий