• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев суу колдонуучулар ассоциацияларына атайын техникаларды тапшыруу салтанатына катышты

Өкмөт 0


Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын 30 суу колдонуучулар ассоциациясына «Белорус 82.1» тракторунун базасындагы «Амкодор 702ЕВ» экскаватор-бульдозерлерди тапшыруу салтанатына катышты.

Атайын техника Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосунда «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу»долбоорунун гранттык каражаттарынын эсебинен сатып алынды.

Өкмөт башчы эске салгандай, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы кабыл алынган.

«Бүгүн маанилүү күн – 63,2 миң гектар жерди камтыган 30 суу колдонуучулар ассоциациясы атайын техника алып жатышат. Бул жер-жерлерде ирригациялык курулуштардын ишин жакшыртат. 2017-жылы Премьер-министр кезинде Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан кабыл алынган мамлекеттик программанын алкагында 58,8 млрд сомго 44 ирригациялык объект курулат. Бул айыл чарба жүгүртүүсүн 66 миң гектар жерге жеткирүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары 110 миң гектар жерди сугаруу жакшырат. 2023-жылга карата программанын экинчи баскычы аяктап, 32 ирригациялык объект ишке берилет, бул айыл жеринде миграциянын деңгээлин азайтып, агрардык тармакты өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүп, бүтүндөй айыл чарба чөйрөсүнө оң таасирин берет. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу калкты таза ичүүчү жана сугат суусу менен камсыз кылат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле ал 2019-жылы республикалык бюджеттен ирригацияны өнүктүрүүгө 300 млн сом бөлүнгөнүн жана инвестиция түрүндө дагы 9,4 млн АКШ долларын жумшоо пландалып жатканын кошумчалады.

Премьер-министр Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгелерин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз силердин колдооңуздарды баалайбыз жана өнөктөштүктү улантууну максат кылабыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазарга кайрылып жатып.

Маалымдама: СКА үчүн бир экскаватордун баасы 2 178 400 сом (сатып алынган техниканын жалпы баасы 65 млн 352 миң сом).

«Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору төмөнкү шарттарда ишке ашырылат:

- алынган насыяны төлөөгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кепилчилик берген шартта;

- СКА насыя берүүчүгө алынган техникалык насыянын баасынын 50 пайызына барабар карыздын суммасын 7 жылдын ичинде бир жылдык жеңилдик мезгили менен кайтарып берет;

- насыялар ар бир квартал сайын тең бөлүнгөн пайыссыз төлөмдөр түрүндө төлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий